УКМК Бишкектеги алдыңкы мектептин эки окуучусун баңгизат менен кармады
RU

УКМК Бишкектеги алдыңкы мектептин эки окуучусун баңгизат менен кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети туруктуу эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюп, анын мүчөлөрүн кармаганын маалымдады. Комитеттин маалыматына караганда, кармалгандардын экөө Бишкектеги абройлуу мектептин окуучусу.

27-мартта И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары кармалды. Алар: 2005-жылы туулган А.А.Б., 2007-жылды туулган А.Б.Т. кармалды.

Окуучулардан алынган баштыктарды тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык "Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) алынган. Бул 1 грамм заттынкөмүскө базардагы баасы 10000 сомду түзөт, бир таңгагын интернет мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатышууда. Белгилей кетсек, алынган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын дозалап сатылган баасы 11 млн 857 миң 500 сомго жетет.

Бул фактынын негизинде 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 4-апрелде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган А.С.Д. кармалды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагында.

УКМК ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.

Мындан тышкары мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары максималдуу түрдө мыйзам чегинде коргоону жана жардамды камсыздайт. Байланыш номери: 0312-66-04-75; 0312-62-65-04.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11589