Мамлекттик курулуш: Садыр Жапаров быйыл 100 мектеп курууну тапшырган
RU

Мамлекттик курулуш: Садыр Жапаров быйыл 100 мектеп курууну тапшырган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылга капиталдык салымдардын тизмесине 237 объект киргизилген, 86 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу 14-апрелде Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимов билдирди.

Анын айтымында, тизмеге 50, 70, 90% бүткөн имараттар кирди.

"Булар узак мөөнөттүү курулуш долбоорлору. 2008-жылы башталган объект бар. Булардын курулушун быйыл бүтүрөбүз деген үмүттөбүз", - деп кошумчалады Акимов.

Ал кошумчалагандай, президент Садыр Жапаров быйыл дагы 100 мектеп курууну тапшырган.

"Учурда биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Билим берүүчү жайлар курула турган райондордун тизмеси такталууда", - деди.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров эмки жылдан тарта мамлекет Бишкекке мектеп курбай турганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11597