Азия чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыкты
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча 61 кг салмакта беттешкен Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыкты.
Жарым финалда кыргызстандык балбан ирандык Ясин Аббасты 11:2 эсеби менен утту.
Эми финалык беттеште Тайырбек Жумашбек уулу кытайлык балбан Ли Мингу менен кез келет.
Финал бүгүн, 14-апрелде Бишкек сааты менен 18:00дө башталат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11598