Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, жаан жаайт
RU

Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, жаан жаайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында 15-апрелде күндүз жана 16-17-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

Бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

"Суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга зыянын тийгизиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11601