Айгүл Жапарова Ысык-Көлдө оңдоп-түзөөдөн өткөн мектепти ачты (фоторепортаж)
RU

Айгүл Жапарова Ысык-Көлдө оңдоп-түзөөдөн өткөн мектепти ачты (фоторепортаж)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айылында Муканов атындагы №1 орто мектептин имараты модернизациялоодон кийин ишке берилди.

Салтанатка өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Түмөнбаев, Ж.Кыдыкбаев, билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, Коррупцияга каршы күрөш кеңештин жетекчиси Н. Муканова, президенттин облустагы өкүлү И. Иманбетов, профессор И. Болжурова катышты. Ошондой эле жергиликтүү окуу жайдын мугалимдери, окуучулар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин имараты 1976-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Андыктан мектеп заманбап энергияны үнөмдөө стандарттарына жооп бербей, жылытуу мезгилинде класстардагы суук окуу процессине тоскоол болгон. Оңдоо иштери 2022-жылдын май айында башталып, 2023-жылдын апрелинде аяктаган.

Оңдоо иштери АРИСтин инженерлеринин катуу көзөмөлүндө жүргүзүлүп, келишимде белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү. Модернизациялоо процессинде мектептерде сейсмикалык туруктуулук жогорулап, имараттын жылуулук изоляциясы жүргүзүлдү, чатыры жылууланды, терезе-эшиктер энергияны үнөмдөөчү түрүнө алмаштырылды, электрокерамикалык батарейкалар орнотулду, жуунуп-тазалануучу бөлмөлөрү толугу менен оңдолуп, вентиляция системасы жакшыртылды.

Долбоордун аткаруучулары имаратты модернизациялоо мындан ары электр энергиясын 40% үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп ырасташууда. Бул өзгөчө энергетикалык ресурстардын жетишсиздигинин жана кымбаттоосунун шартында маанилүү фактор болуп саналат. Анткени мындай модернизация учурдагы кубаттуулуктарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт жана жергиликтүү бийлик органдарына акчаны үнөмдөөгө, аны айыл тургундарынын башка муктаждыктарына багыттоого мүмкүндүк берет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11605