Айдоочулардын эсине! Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт
RU

Айдоочулардын эсине! Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-апрелден 21-апрелге чейинки аралыкта Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иштер Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында жана темир жолдун Боом капчыгайындагы 3886-чакырымында жүргүзүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин иштер жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11611