"Аю" заводунун эки кызматкери кармалды
RU

"Аю" заводунун эки кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Аю" заводун тинтүү учурунда 260 тонна мыйзамсыз спирт, 12 миң бөтөлкө акциздик маркасы жок алкоголдук ичимдиктер табылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жаз айында Кылмыш иликтөө башкы кызматтын кызматкерлерине Токмок шаарындагы өндүрүш ишканаларынын биринде белгисиз адамдар спирт ичимдиктерин жана алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз чыгарууну уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн.

Топтолгон материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Алкоголду жана алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш алкоголдук продукцияны өндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте жүргүзүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу мүмкүн болгон даректер аныкталды. Издөө иштери Сокулук айылында жана Токмок шаарында жүргүзүлгөн. Натыйжада даяр продукциянын кампаларынан ("Токмок Буллз" ЖЧКсы) мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 260 тоннадан ашык этил спирти, "Аю" ишканасынын бухгалтердик документтери, ошондой эле акциздик маркасы жок 12 миң бөтөлкө өлчөмүндөгү спирттүү ичимдиктер алынган.

Кылмыш ишинин алкагында 118 дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, чогултулган далилдердин негизинде Токмок шаарынан спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы 1982-жылы туулган М.Т., жана ошол эле ишкананын башкы технологу 1988-жылы туулган И.А. кармалды.

Учурда комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, бул фактыга тиешеси бар адамдар такталууда.

Эске сала кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясынын эки заводу конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өтөөрүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11615