Бишкектен Түркиянын шаарларынын бирине жаңы авиакаттам ачылды
RU

Бишкектен Түркиянын шаарларынын бирине жаңы авиакаттам ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту "AnadoluJet" авиакомпаниясы менен биргеликте биринчи жолу Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды ачууну пландаштырууда.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, "AnadoluJet" (түрк аба жолдорунун туунду компаниясы) Бишкектен Анкарага жумасына төрт жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттамдарды аткарат. Ал эми 2023-жылдын августунан тарта күн сайын каттамдарды аткара баштайт.

Рейстерди Boeing 737 учактары менен ишке ашыруу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11616