Опузалап акча талап кылган деген шек менен тергөөчү кармалды
RU

Опузалап акча талап кылган деген шек менен тергөөчү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пара талап кылууга шектелген дагы бир милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 14-апрелде Ички иштер министрлиги менен УКМКнын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери пара талап кылган деген шек менен Ош облусунун Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн кармашты.

Ал 50000 сом алып жаткан жеринен кармалып, жалпы 100000 сом талап кылган.

Шектүү милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11618