Ырчы Анжелика коронавирус жугузду
RU

Ырчы Анжелика коронавирус жугузду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы жана алып баруучу Анжелика COVID-19ду жугузуп алды. Ал бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасындагы стористе айтып берди.

Анжеликанын айтымында, анда коронавирус жеңил формада өтүп жаат. Компьютердик томография өпкөсүндө эч кандай көйгөй аныктаган жок, дене табы нормада, бирок ал жыт жана даам сезбей калды, бир аз жөтөлү бар.

Ырчы айым бардыгын санитардык коопсуздукту унутпай, маска тагынып, социалдык дистанцияны сактоого үндөдү.

"Коронавирус арабызда жүрөт. Коркунуч дале бар экенин унутпагыла", - деди ал.

Учурда Анжелика үйүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1161