Бишкекте онго жакын испектор суракка алынып, сегиз салык кызматкери калмалды
RU

Бишкекте онго жакын испектор суракка алынып, сегиз салык кызматкери калмалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте сегиз салык инспектору кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 14-апрелде кечинде салык төлөмдөрүн азайткан факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө учурунда борбордук салык инспекциясынын онго жакын инспектору суракка алынып, жыйынтыгында алардын сегизи кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жакында алардын баш коргоо чарасы тандалат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык meria.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11620