Ошто 68 үй-бүлөгө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди
RU

Ошто 68 үй-бүлөгө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын мэриясы менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү 68 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдук (ар бирине) сертификат тапшырышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Акча "Социалдык контракт" аркылуу которулган, ага ылайык бөлүнгөн сумма чакан ишкана ачууга багытталышы керек. Бөлүнгөн акча кайтарылбайт.

"Социалдык келишим" аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттердин ортосундагы келишимдин бир түрү. Ал үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган, анын негизги максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгуу үчүн жигердүү кадамдарга үндөө, эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.

Бул долбоорду Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт. Акчаны бөлүштүрүү менен убактылуу комиссия алектенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11625