Бишкекте мыйзамсыз басып алынган мектеп-интернатынын имараты бошотулду
RU

Бишкекте мыйзамсыз басып алынган мектеп-интернатынын имараты бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 1-мектеп-интернатынын уруксат берилбеген эки кабаттуу имараты бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган имарат буга чейин гимназиянын мурдагы жетекчилиги тарабынан турак жай катары пайдаланылып келген. Мэрия имаратты бошотуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылуу жасаган, бирок аларга көңүл бурушкан эмес.

"Мэрия 2022-жылдын сентябрь айында жер тилкеси менен жогорудагы имаратка бардык керектүү документтерди берген", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Имараттын айланасындагы тосмо да алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11629