Жанар Акаев: Атамбаевди абалын көрүп ичим ачышты
RU

Жанар Акаев: Атамбаевди абалын көрүп ичим ачышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жанар Акаевдин айтымында, ал Рыскелди Момбеков экөө мурунку президент Алмазбек Атамбаевге түрмөгө барып учурашып келишкен. Алар шашпай сүйлөшүп, мурунку президент убагында кетирген саясий катачылыктарын айтып берген.

"Бир четинен ичим ачышты. Биздин президент өлкөнү башкарган адам. Мына ушинтип, печканы коюп алып жылынып, кактанып отурганына. Көп нерсеге өкүнүп, мени да фракциядан чыгарып, кандайдыр бир куугунтукка алганына өкүнүп, КСДП ката кетиргенин экс-президент мойнуна алды. Бизге билинбей көпчүлүк депутаттар барып жолугушат экен. Азыр иштеп тургандар деле тымызын тамак киргизишет экен. Атамбаевдин дале саясий салмагы бар. Түндүк-түштүк жолу боюнча чыры болсо да реконструкция болгон. Чоң долбоорлор башталып, айрымдары бүткөн", - деп депутат айтып берди.

Эске салсак, учурда Атамбаев Кой-Таш окуясы жана 2020-жылы 9-октябрда массалык баш аламандык уюштурганы үчүн камакта отурат. Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1162