Бишкекте түн ичинде көп кабаттуу турак үйдөн 100 адам эвакуацияланды
RU

Бишкекте түн ичинде көп кабаттуу турак үйдөн 100 адам эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн түн ичинде өрт чыгып, 100 адам эвакуцияланды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт толук өчүрүлдү.

Белгилүү болгондой, 16-апрелде Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Чакрыуу болгон жерге саат 23:58те 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:59да 1 автошаты тартылган.

Такталган маалымат боюнча, турак үйдүн 2-подъездинде 1-10-кабатка чейин орнотулган электр калканычынан өрт чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган.

Өрт 17-апрелге караган саат түнү 00:48де өчүрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11633