Республиканын мыкты саймачылары аныкталды
RU

Республиканын мыкты саймачылары аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык "Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

"Сайма – 2023" кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышышты.

Сынак эки багытта өткөрүлдү:

  • 1-багыт - "Сайма чемпионаты – 2023"
  • 2-багыт - "Мыкты белдемчи".

Анын ичинен катышуучулар жаш курагына жараша эки топко бөлүндү. 1- топко, 17 жашка чейинки мектеп окуучулары кирсе, 2-топко 18 жаштан жогорку катышуучулар таймашышты.

  • 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында:
  • 1-орун Алтынай Өмүркулова;
  • 2- орун Назира Барктбасова жана Аяна Айтбаева;
  • 3- орун Айсанат Мунасбекова, Аяна Шаршенбаева.

Мыкты белдемчи сынагында

  • 1-орун Айсулуу Абдрахманова;
  • 2-орун Нургүл Туркменова;
  • 3-орун Ибарат Амангелдиев.

Ал эми 18 жаштан жогорку катышуучулар арасындагы "Сайма чемпионаты – 2023" сынагында биринчи орунду Ибарат Амангелдиев багындырып, жеңүүчү болду.

Фестивалга катышкан башка катышуучуларга да акчалай жана башка кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Эске салсак, 2021- жылы сайма чемпионаты өтүп, 500гө жакын саймачылардын башы бириккен. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.

Уюштуруучулар: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана "Кийиз Дүйнѳ" коомдук фонду болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11634