Фейк! Чиновниктин кызы классташын сабады деген видеону ИИМ четке какты
RU

Фейк! Чиновниктин кызы классташын сабады деген видеону ИИМ четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке "атасы УКМКда, апасы билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жатат" деген видео тарап, талкууга алынды.

Ички иштер министрлиги бул маалымат фейк экенин расмий кабарлады.

"Окуя Кыргыз Республикасынын аймагында болгон деген чындыкка дал келбейт. Видео эски жана Казакстандын аймагында болгондугу белгилүү болгон. ИИМ жарандарды ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат", - дешет мекемеден.

Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат жасоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертебиз.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого, мүмкүн болгон фактылар боюнча 102 телефону аркылуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.

Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт!

Башкы беттеги сүрөт: Newtimes.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11638