Кайрат Примбердиев саясий өңүттөгү "Кайдыгер караба" ырына клип тарттырды (видео)
RU

Кайрат Примбердиев саясий өңүттөгү "Кайдыгер караба" ырына клип тарттырды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайрат Примбердиев өлкөнүн курч социалдык-саясий көйгөйлөрү тууралуу ыр жаздырган. Анын клиби кечээ YouTube каналына жарыяланды.

Кайдыгер караба, кайдыгер караба,

Элиңдин эртеңки тагдырына.

Байлыкты бийликти түбөлүккө,

Кетпейсиң алып аркы дүйнөгө", - деп ырдалат.

Клипте өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу эпизоддор камтылган. Андан тышкары, баш каармандардын бири 19-жашар Үмүтбектин сүрөтү тартылган футболка кийип отурат. Эске салсак, ал 6-октябрь күнү Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда каза болгон.

Кайрат Примбердиев 2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылып митингге катышкан. Ошондой эле ал Спорт Ордосунун алдында өткөн митингге спикер катары чыгып сөз алган болчу. Анын катышуучулары бийликке жаш кадрлардын келүүсүн талап кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1163