Райымбек Матраимовго муфтий ыраазычылык кат тапшырды
RU

Райымбек Матраимовго муфтий ыраазычылык кат тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Муфтияттын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Матраимовдордун атасынын ысымын алып жүргөн Кара-Суудагы "Исмаил-Ата" мечитинде таравих намазы окулганы маалым болду. Андан соң Райымбек Матраимовго муфтий "Чын жүрөктөн кылган кызматы" үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын ыраазычылык катын тапшырды.

Мекемеден кошумчалагандай, муфтий Ошко болгон иш сапарынын алкагында мечитке барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11640