Бишкекте №1 мектеп-гимназиясында чыр чыкты. Окуучулар "кетпесин" деп кыйкырып чыгышты
RU

Бишкекте №1 мектеп-гимназиясында чыр чыкты. Окуучулар "кетпесин" деп кыйкырып чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте А.Каниметов атындагы №1 мектеп-гимназиясынын эмгек жамаатында чыр чыгып, окуучулар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Видеодогу мугалимдердин бири команда мындай чечимге макул эместигин билдирди. Кеп мектепти башка мекеме менен бириктирүү жөнүндө болуп жаткан сыяктуу. Анын айтымында, бардык өзгөртүүлөр окуу жылы аяктагандан кийин болушу керек. Анткени, жылдын акыркы айларында мугалимдер экзамен, балдарды ЖРТга даярдоо, "Алтын тамганы" тестирлөө жана бүтүрүү иштери менен алек. Бирок ал белгилегендей, кызматкерлер 19-апрелден тарта кыскартыла баштаган. 59 кызматкер мектептен кетип жатат.

Билим берүү министрлиги алдын ала маалыматтар боюнча, чыр-чатакка жаңы директордун дайындалышы себеп болгонун билдирди. Команданын бир бөлүгү буга каршы. Учурда мэриянын билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү аталган мектепке барышкан.

Борбор калаа башкармалыгы кырдаал боюнча кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11641