Сосновка посту эки тараптуу жабылды
RU

Сосновка посту эки тараптуу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-апрелде өлкөнүн айрым жолдору менен ашууларына кар жаап, бороон жүрүп жатат. Буга байланыштуу саат 14:30да Сосновка посту, "Төө-Ашуу" ашуусу транспорт каттамдары үчүн убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлшкандай, Сосновка постунда түнкү саат 02:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда жолдорду кардан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери аткарылууда.

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 124-134-чакырым жана 209-230-чакырым аралыктарында бороондон пайда болгон кар күрткүлөр тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
  • Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусу кардан тазаланууда.
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда да бороон болуп, атайын техникалар даяр турушат.

"Төө-Ашуу" ашуусунда транспорт каражаттарынын тыгыны пайда болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11643