Ысык-Көлдө окуучу кыздар классташын сабап салышкан
RU

Ысык-Көлдө окуучу кыздар классташын сабап салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназияда 5-класстын окуучу кыздары классташын сабап салган. Маалыматты Kaktus.media сайтына ИИМден билдиришти.

Окуя мындан 4 күн мурда болгону кабарланды.

"Дене тарбия сабагы учурунда кыска аралыкка чуркашкан. Бул үчүн аларга баа коюлган. Андан кийин кыздар сыртка чыгышкан, чыр ошондо чыккан. Эки кыз баа үчүн классташын сабап салышкан", - дешет мекемеден.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Автор: CC0.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11644