Кыргызстанда Орозо айт майрамы 21-апрелде белгиленет
RU

Кыргызстанда Орозо айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан Орозо айттын так датасын жарыялады. Ага ылайык, 21-апрель, жума күнү Орозо айт майрамы белгиленет.

Муфтияттан жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн экенин эскертти.

Белгилесек, Казакстандын жогорку муфтийи Наурызбай кажы Таганулы маалымат жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнүн дин өкүлдөрүнүн биргелешип кабыл алган чечимдерине токтолду. Анда орозого байланыштуу даталар кабылданган.

"Орто Азия мамлекеттеринин муфтийлери, фатва бөлүмдөрүнүн жооптуу илимпоздору менен кеңешип, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын да эске алып, бирдиктүү чечим кабыл алдык. Жараткандын уруксаты менен быйыл Рамазан айы 23-мартта башталат. Ал эми 17-апрелден 18-апрелге караган түн – ыйык Кадыр түн (Кадр). 21-апрель Орозо айт майрамы", - деген Наурызбай кажы Таганулы маалымат жыйынында.

Коңшу өлкөнүн муфтийинин сөзүнө таянсак, Орозо айт 21-апрелге туура келет. Белгилей кетсек, көптөгөн өлкөлөрдө айт майрамы 21-апрелге туура келери айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11645