Бишкекте банктарга мүлкүн тарттыргандар нааразылык акцияга чыгышты
RU

Бишкекте банктарга мүлкүн тарттыргандар нааразылык акцияга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Горький сейил багында бүгүн, 17-апрелде банктарга, микрокредиттик компанияларга үйлөрүн мыйзамсыз алдырып жибергендер нааразычылык акцияга чыгышты.

Алардын арасында соттор акыйкат чечим чыгарбай жатканын айткандар дагы бар.

Акцияга чыгып, адилет чечим издегендердин катарында 13 жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн Сулайман Муратов дагы бар. Ал Жайыл районунун судьялары коррупцияга аралашып, жалгыз үйүн алдырып жибергенин айтат.

"2016-жылы Жайыл районунун судьясы Асанова Чолпон Карыпбековнанын үстүнөн "жасалма документ жасагандыгы үчүн" жана мыйзамыз чечим чыгаргандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ошол кылмыш иши жашырылып, Чүй облустук прокуратурасында жатат. Менин үйүмө мыйзамсыз чечим чыгарган Төлөн Самаков, Нурдин Бостонов, Урмат Чырмашовго дагы кылмыш иши козголгон. Ошо менен тынч. Мурунку прокурорлордон дагы, азыркы иштеп жаткан прокурорлордон дагы пайда жок. Айла жок, Садыр Жапаровго кайрылууга туура келип жатат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11648