Президенттин кортежин күткөндүктөн Оштогу самолет бир саатка кеч учту (видео)
RU

Президенттин кортежин күткөндүктөн Оштогу самолет бир саатка кеч учту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун учагы учат деп, салонго отурган жүргүнчүлөрдүн самолету бир саат күтүүгө аргасыз болду. Бул окуянын видеосун жергиликтүү жашоочулардын бири Kaktus.media редакциясына жөнөткөн.

Алардын айтымында, кечээ, 4-апрелде кечке самолет бир саатка чукул Оштун аэропортунан уча албай турду.

Видеодо көрүнүп тургандай, бир мырза, болжол менен аэропорттун кызматкери, бардыгы президенттин келишин күтүп жаткандыктан самолет учпай турат, деп түшүндүрүп жатат.

Учакка чейин айдап келген президенттин кортежин иллюминатордон тартылган видеодон көрсө болот. Жарандар аэропорттун жетекчилерине нааразы болушуту. Жүргүнчүлөрдүн пикири боюнча алар "кошоматчылык" кылып жатышат. Ошол эле учурда видеодо балдардын ызы-чуу салып, ыйлаганын укса болот.

Публикация жарыялангандан кийин "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы 4-апрелде техникалык себептерге байланыштуу 15:00дон, 15:40ка чейин рейстерди кечиктирүүгө аргасыз болгондугун билдирди. "Учууга даярдык көрүп турган учак, тиешелүү убактысында учууга жетишпей калган, ошондуктан рейс кармалып калды", - деп басма сөз Facebook'ка билдирүү жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1164