Үшүк жүрөт. Эртең айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт
RU

Үшүк жүрөт. Эртең айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аймагында 17-18-апрелде туруксуз аба ырайы сакталып, үшүк жүрүшү күтүлөт дешет ӨКМдан.

18-апрелде

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11650