Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүндө наристе төрөлдү
RU

Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүндө наристе төрөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев сүйүнчүсү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. Бирок ким төрөлдү: уул же кыз экенин жазган эмес.

"Ассалам алейкум достор! Аллахыма чексиз шүгүр! Биздин үй-бүлөдө толуктоо болду! Алдын ала баарыңарга чоң рахмат! Бизге эмне кааласаңар, силерге дагы Аллахым он эсе берсин!!!

Комментарий калтыргандардын бардыгы балага узун өмүр тилеп, бешик боосу бек болсун, деп каалоо айтышкан. Алардын бири "Бешик боосу бекем болсун,чоң атасы жетелеп тушоосун кескен Күн келсин", - деген да тилек жазган.

Эске салсак, Атамбаевдин эки никеден Сейтек, Сеид, Кадырбек - деген үч уулу жана Диана, Динара жана Алия - деген үч кызы бар. Коомчулукка белгилүү болгон төрт небересинин аттары - Али, Селим, Таир, Аюна.

Алмазбек Атамбаев учурда №47 колонияда камакта отурат. 2019-жылдан бери криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Кой-Таш окуялары боюнча жазасын тартууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1165