Садыр Жапаров өзүнүн эки фонду бар экенин айтты. Бирин ишкерлер каржылайт
RU

Садыр Жапаров өзүнүн эки фонду бар экенин айтты. Бирин ишкерлер каржылайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Нарында салынып жаткан жолдордун каржысы тууралуу суроого жооп берип жатып, өзүнүн фонддору боюнча да маалымат берди.

"Нарын шаарынын жолдоруна бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Менин демөөрчүлүк фондумдан кетет. Менин эки фондум бар. Бирөө бюджеттен келген фонд. Экинчиси демөөрчүлөрдөн чогулган фонд. Бюджеттен келген фонддон мамлекеттик иштерге гана жумшалат. Тагыраагы, республикалык бюджеттен каралбай калган объектилер болсо. Мисалы мектеп, бала-бакча, же аскерий шаймандарды тез алуу керек болсо жана башка. Ал эми спонсорлук фондумдан болсо кайсы иштерди бүтүрүш керек экенин өзүм билип бөлүп бере берем", - деди ал.

Ал жакында Жумабек Салымбеков "Бай түшүм" банкынын атынан 50 миллион сом демөөрчүлүк кылганын кошумчалап, ал акчага Нарын шаарынын жолдорун оңдоо башталганын белгиледи.

"Кечээ Сергей Ибрагимов "Бакай" банкынын атынан 100 миллион сом демөөрчүлүк кылды. Бул акчаны да Нарынга берем. Мындан сырткары, Баткен менен Талас шаарларынын жолдорун ченеп чыккыла деп Транспорт министрлигине тапшырма бердим. Кийинки жылдары жасайбыз деп ниет кылып турам. Эгер баткендик жана таластык бай жигиттерибиздин марттыгы кармап кетип демөөрчүлүк кылышса, быйыл деле жасап салабыз", - деди мамлекет башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11660