№1 гимназиянын эки кабаттуу имаратында жашаган мурдагы жетекчи чыгарылды
RU

№1 гимназиянын эки кабаттуу имаратында жашаган мурдагы жетекчи чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында Жибек-Жолу кең көчөсүндөгү Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатынын аймагындагы өз билемдик менен басып алынган муниципалдык эки кабаттуу имарат бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Айтымында, гимназия-интернаттын күнөсканасынын аймагына имарат, ошондой эле тосмо мыйзамсыз курулган. Бул жайда мектептин окуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй-бүлөсү менен жашачу. Ал эми директор мектептин аймагындагы башка жайда жашачу.

Мозгачева белгилегендей, алар бул жайларды мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Бишкек шаарынын мэриясы имаратты бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талаптарды бир нече жолу берген, буга жогоруда көрсөтүлгөн адамдар көңүл бурбай койгон. Талап аткарылбагандыктан мурдагы завуч жана директор күч менен чыгарылган.

Учурда мэриянын комиссиясы кырдаалды иликтеп жатат.

Эске салсак, 17-апрелде №1 мектеп-интернатында окуу процесси үзгүлтүккө учураган. Окуучулар сабактын учурунда плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11661