Казакстандан Кыргызстанга психотроптук заттарды жеткирген канал аныкталды
RU

Казакстандан Кыргызстанга психотроптук заттарды жеткирген канал аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандан Кыргызстанга "мефедрон" психотроптук заттарды жеткирүү каналына бөгөт коюлду. ИИМден билдиришкендей, атайын операция Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен коңшу өлкөнүн Коопсуздук комитети чогуу жүргүзгөн.

Биргелешкен атайын операция жарым жылдын ичинде жүргүзүлүп, анын алкагында Бишкекте 1 килограммдан ашык "мефедрон" психотроптук затын сатууга аракеттенген жаран кармалды. Шектүү 2001-жылы туулган А.Р., ал төрт желим бөтөлкөгө салынган "мефедрон" психотроптук затын жашырган жерден алган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 кг.194 гр. түзгөн.

Мындай өлчөмдөгү психотроптук заттардын баасы болжол менен 6 млн. 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле. Андан тышкары көрүлгөн чаралардын алкагында 7164 дозадан ашык синтетикалык баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюлду.

Бул факты боюнча 282-беренеси (сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкектин №1 тергөө изоляторуна киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11673