Forester ишканасында тинтүү жүргүзүлүп, директору кармалды
RU

Forester ишканасында тинтүү жүргүзүлүп, директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Forester ишканасында тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Белгиленгендей, кечээ, 17-апрелде УКМКнын кызматкерлери Forester ишканасына тинтүү жүргүзүп, документтерин алышкан. Мындан тышкары тергөөчүлөр компаниянын имаратынын эшигине мөөр басышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 200 миллион сомго бааланган.

Кийинчерээк компаниянын директору Александр Черепов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11674