Бишкекте жардыруучу зат бар экени айтылган мекемелердин тизмеси жаңыланууда
RU

Бишкекте жардыруучу зат бар экени айтылган мекемелердин тизмеси жаңыланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-апрелде Бишкектеги бир катар мектептеринин окуучулары жана Кыргыз-Россия Славян университетинин студенттери жардыруучу зат бар деген маалыматтан улам эвакуацияланды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалымат боюнча, эртең менен милицияга Чүй проспектисинде жайгашкан №33 жана №67 мектептерге, ошондой эле КРСУнун юридикалык факультетинин имаратына бомбалар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кийинчерээк Раззаков атындагы КМТУнун студенттери жана кызматкерлери эвакуацияланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, университетке бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Эвакуация саат 10:30дар чамасында башталган.

Андан кийин дагы айрым билим берүү жайларында жардыруучу зат бар экени кабарланган. Жалпысынан №67, 90, 63, 51, 17 жана жеке менчик "Интеллект", "Звездочка" мектептеринде, БААУнун колледжинде, КРСУнун юридикалык факультетинде жана КМТУда эвакуация болду.

Бардык билим берүү мекемелеринин аймактары курчоого алынып, УКМКнын саперлору дээрлик бардыгын текшерип, айрым мектептерде балдар окуусун улантып башташты.

Ушундай эле билдирүү Жогорку Сотко да жөнөтүлгөн. Бардык кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылып, тинтүү иштери жүргүзүлүп, эч нерсе табылган жок. Саат 16:00гө карата кызматкерлер иш ордуна кайтып, штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилек кетсек, буга чейин ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери террордук акт, коюлган бомба, өрттөө же адамдардын өлүмүнө, оор залал келтирүү коркунучун жараткан башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалыматтардын көбөйүшүнө жол бербөө максатында мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11676