Дмитрий Биволдун жубайы ажырашкандарын ачыктады
RU

Дмитрий Биволдун жубайы ажырашкандарын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда төрөлгөн бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Дмитрий Бивол жубайы менен эки башка жолго түштү. Бул туурасында бир катар маалымат каражаттары боксчунун жубайы Екатеринага шилтеме берүү менен жазышты.

Екатерина социалдык тармактагы баракчасы аркылуу катталуучуларынын суроолоруна жооп берип, анда жолдошу менен ажырашканын ырастаган.

Алардын ортосунда эки уулу бар.

Эске салсак, Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулуп-өскөн. 15 жашында ата-энеси менен Россияга көчүп кеткен. Профессионалдык карьерасында 21 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11679