Ташиевдин дөңгөлөк уурдаган уулунун иши кайрадан каралып жатат
RU

Ташиевдин дөңгөлөк уурдаган уулунун иши кайрадан каралып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин уулу Темирлан Ташиевдин кылмыш иши кайрадан каралат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Бишкек шаардык соттун соттук коллегиясы Темирлан Ташиевдин авдокатынын кассациялык арыздануусун өндүрүшкө алган. Ал автоунаалардын дөңгөлөктөрүн уурдоо иши боюнча айыпталуучу катары өтүүдө.

Соттук коллегия адвокаттардын арызын жарым-жартылай канааттандырып, ишти Бишкектин Октябрдык райсотуна кайрадан карап чыгууга жөнөткөн.

Эске салсак, Темирлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөк уурдады, деп айыпталган. Бир жылдан кийин кылмыш иши Бишкектин райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Жабырлануучулар Темирлан Ташиевге айыпты коюудан баш тартып, иш токтотулган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1167