"Айыл Банк" "ФСХ-11" программасы боюнча жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантууда
RU

"Айыл Банк" "ФСХ-11" программасы боюнча жеңилдетилген насыяларды берүүнү улантууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Айыл Банк" ААКсы "ФСХ-11" айыл-чарбаны каржылоо мамлекеттик программасынын алкагында 5 миллион сомго чейинки жеңилдетилген насыяларды алууга арыздарды кароону улантууда. Бул тууралуу "Айыл Банк" башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимжанов Чүй облусунун Жайыл районунун фермерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, "Айыл Банк" – Кыргыз Республикасындагы айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө умтулган негизги финансы институттарынын бири.

Банк дыйкандардын чарбасын кеңейтүүсүнө, аны менен катар ар биринин өз тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү болуусу үчүн каржы жаатында колдоо көрсөтөт.

Эске салсак, "ФСХ-11" программасынын алкагында насыя алуу үчүн суроо-талаптар бүгүнкү күндө бекитилген сумманы ашып өттү. Ошентип, арыздардын жалпы суммасы 12 миллиард сомдон ашты.

Буга байланыштуу насыяларды бекитүү боюнча иштерге оңдоолор киргизилди. "Айыл Банк" биринчи кезекте банкка алгачкылардан болуп кайрылган дыйкандардын арызын карайт, башкача айтканда, кезек тартиби сакталат.

Кошумчалай кетсек, "Айыл Банк" электрондук кезек тартибин 2023-жылдын январь айында ишке киргизген. Бүгүнкү күндө 539 миллион 141 миң 637сомго 1147 насыя берилди.

Мындай насыяларды алуу үчүн кардарлар Улуттук Банк тарабынан бекитилген тиешелүү документтерди чогулткан, анын ичинде дыйканчылык тарыхы да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11688