Талас облусунун прокуратурасы 10 гектардан ашык жер аянтын мамлекеттик менчикке кайтарды
RU

Талас облусунун прокуратурасы 10 гектардан ашык жер аянтын мамлекеттик менчикке кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакай-Ата райондук прокуратурасы мыйзамсыз берилип кеткен жерледи аныктоо жана аларды кайтаруу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жалпы 10,02 га жайыт жерлерди жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жайыттар мамлекеттин менчигинде гана тургандыгына карабастан турак жай куруу үчүн жеке менчикке берип коюшкандыгы аныкталган. Ал эми, айыл өкмөттүн жер ажыратуу жөнүндөгү токтомдорунун негизинде райондук мамкаттоо органы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилген.

Аталган фактылар боюнча материалдар райондук прокуратура тарабынан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жана Бакай-Ата райондук мамкаттоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 320-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүштөр башталган.

Мыйзамсыз берилип кеткен жайыт жерлерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилген. Соттук кароолордун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылып, жалпы 10,02 га жайыт жерлер кайрадан мамлекеттин балансына алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1168