"Альянс Алтын" "Нооруз – жаз майрамы" темасындагы видео сынактын жыйынтыгын чыгарды
RU

"Альянс Алтын" "Нооруз – жаз майрамы" темасындагы видео сынактын жыйынтыгын чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альянс Алтын" компаниясы кызматкерлеринин балдарынын арасында 21-март – Нооруз майрамына карата видео сынак жарыялаган. Жалпысынан комиссиянын кароосуна 40тан ашык эмгек сунушталып, анда балдар улуттук майрамдарга болгон кызыгууларын чагылдырган видеолорду жөнөткөн.

13-апрелде жеңүүчүлөр татыктуу белектер менен сыйланышты.

  • 1-орунга велосепед - Кочокбаев Эрбол, Нурбол, Тургунбеков Алинур, Токтосунов Арсен;
  • 2-орунга уюлдук телефон -Бактиярова Арууке, Стамова Адель, Жолдошбекова Фатима;
  • 3-орунга сумка окуу куралдары менен - Ибраимова Алия, Жетигенов Калысбек, Жеңишбекова Сезим;

Ошондой эле көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон Замирбеков Адилет, Сагынбекова Луиза, Кочокбаев Алихан, Кочокбаев Анвар, Эмилбекова Маржан энциклопедиялык китептерге ээ болушту.Белектер Талас жана Бишкек шаарында жашаган кызматкерлердин балдарына берилди.

Белгилей кетсек, конкурстун негизги максаты – балдардын чыгармачылык демилгесин жана өзүн көрсөтүүсүнө шык берүү, ошондой эле улуттук майрамдарга болгон кызыгууларын арттыруу болуп саналат.

Сынакка катышып, кызыктуу видеолорду тарткан балдар-кыздарга ыраазычылык билдиребиз. Биздин жаш муунга ийгилик каалайбыз, ар дайым активдүү болгула.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11691