Бишкекте таштанды ташыган айдоочулардын айлыгы 80 миң сомго чейин көтөрүлдү
RU

Бишкекте таштанды ташыган айдоочулардын айлыгы 80 миң сомго чейин көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштанды ташыган айдоочуларынын айлыгы 80 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, айдоочуларга стимул берүү максатында эмгек акысын жасаган ишине карап төлөө системасы колдонулат.

"Мындан кийин айрым таштанды ташуучу айдоочулар айына 80 миң сомдон жогору маяна алышат. Буга чейин алар колуна 30-35 миң сом алып келишкен. Эми алардын эмгек акысы ташыган таштандысына карата эсептелет. Бир тонна үчүн 125 сом төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин "Тазалыктын" кызматкерлеринин маянасы да 70 пайызга көбөйтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11693