6-апрелден тартып Бишкекте коронавирус инфекциясын жугузган бейтаптар үчүн кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин буйругу менен COVID-19га туш болгон жарандар үчүн кошумча орундар даярдалат:
- Улуттук госпиталда - 110 орун, анын ичинен 10 интенсивдүү терапия палатасы;
- Чүй бириктирилген ооруканасында - 55 орун, анын ичинен 5 интенсивдүү терапия палатсы.