Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү
RU

Таластын Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бир айыл аймакты, Ош жана Талас облустарындагы эки айылды, Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган. Ага ылайык:

  • Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы - Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды;
  • Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы - Кайрагач айылы деп кайра аталды;
  • Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды;
  • Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы - Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11705