Садыр Жапаров түштүк кореялык бизнесмендерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды
RU

Садыр Жапаров түштүк кореялык бизнесмендерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде, Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлуму кабарлады.

Билдирүүго ылайык, жолугушууда парламенттер аралык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун аспектилери талкууланды.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жаңы баскычка көтөрүү зарылдыгы бар экендигин белгилеп, Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Инге саламын жолдоду.

Президент Кыргызстан "Борбор Азия-Корея Республикасы" кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн да, Түштүк Корея үчүн дагы келечектүү болгон өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн Өкмөттөрүнө бул багытта тыгыз кызматташуга чакырып, тараптардын биргелешкен аракеттери менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенимин билдирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Бул максатта биз өлкөдө саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө, ачык экономикага, либералдык соодага, валюта режимине жана ыңгайлуу салык базасына багытталган өзгөрүүлөр бар" - деди Садыр Жапаров деди.

Ал кореялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кореялык тараптан көрсөтүлгөн каржылык-техникалык колдоону жогору баалады.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок корей тарап ар тараптуу кызматташууга жана Кыргызстандын алдыга карай өнүгүүсүнө активдүү катышууну кааларын жана ага даярдыгын баса белгиледи.

Ал корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин билдирди. Анткени эки өлкөнүн маданият чөйрөсү сыяктуу ‚орток кызыкчылыктары" бар.

Төрага кыргыз тараптын билим берүү жана курулуш жаатында кызматташуу боюнча көтөргөн демилгелерин кубаттап, алардын эки тараптуу алакаларды кеңейтүүдөгү ролу зор экенин белгиледи.

Ал коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам токтоп турган башка чөйрөлөрдөгү кызматташууларды да тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

"Илдет менен күрөшүүдө сизге ийгилик каалайм. Биз мындан ары да бул багытта кызматташууга даярбыз. Кыргызстан бизди кызматташуу жаатында кызыктырат. Жаратылышы бай жана туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Биз өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз", - деп белгиледи Төрага Пак Бён Сок.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров Түштүк Корея менен мындан ары да ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын жана ачык экенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1170