Мадумаров депутаттарга Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу тапшырмасы берилген деп эсептейт
RU

Мадумаров депутаттарга Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу тапшырмасы берилген деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Адахан Мадумаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованын маселесин кесиптештери кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен чечти деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун отчёту каралып, ал өтө татаал маселе талкууланып жатса залда депутаттар жок экенин белгиледи.

"Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кетиргенге чейин элдин минтип чогулганын көргөн эмесмин. Азыр эч ким жок. Бул эмне дегендик? Демек, жыйынга катышып, чечим кабыл алгыла деп барынан суранышкан. Мына, Жогорку Кеңештин жүзү", - деди Мадумаров.

Эске салсак, буга чейин парламент Атыр Абдрахматованын 2022-жылы аткарган иштери боюнча отчётун кабыл алган эмес. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштаган. Бул маселени ЖКнын конституциялык мыйзамдар боюнча комитети карайт.

Белгилей кетсек, Kaktus.media сайтынын өздүк булактарынын маалыматы боюнча, Абдрахматованын ишине канааттандырарлык эмес баа берилишине анын отчёту эмес, "Кемпир-Абад иши" деп аталган кылмыш иши боюнча камакка алынган активисттерди коргоо боюнча "абдан жигердүү иш" себеп болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11714