Камчыбек Ташиев кичи мекенинде ооз ачар өткөрдү
RU

Камчыбек Ташиев кичи мекенинде ооз ачар өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 19-апрелде Жалал-Абад облусунун Барпы жергесинде ооз ачар өткөрдү. Ага 5000ге чукул тургун катышканын, арасында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бар экени кабарланат. Бул туурасында Ташиевдин жакындары соцтармакка жазышты.

Ооз ачууга Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары да чакырылды. Дин аалымдары тарабынан Орозонун пазилеттери тууралуу баян айтылып, жалпы өткөн момун-мусулмандарга арналып куран окулду.

Ооз ачууга аймактагы энелер өзгөчө сыйлуу конок катары чакырылып, сый-тамак тартууланды.

Камчыбек Ташиев чогулган элге сөз сүйлөп, кирип келген Айт майрамы менен куттуктады жана президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11724