Депутат Кыргызстанда айымдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салууну сунуштады
RU

Депутат Кыргызстанда айымдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда айымдардын паранжа кийүүсүнө тыюу салууну сунуштады. Бул туурасында ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.

Айтымында, Оштогу социалдык жардамды тапшыруу иш-чарасына баргандардын арасында паранжа кийген аялдар көп болгон.

"Сертификаттарды тапшырууга барганда жагымсыз окуяга туш болдук. Көпчүлүк аялдар паранжа - кара кийим кийип алышыптыр, көздөрү гана көрүнөт. Ошто көп экен, Алайда мындай жок. Жоолук салына берсин, бирок эмнеге капкара болуп чүмкөнүп, көздөрүн гана көрсөтүшөт. Ушул боюнча Дин башкармалыгына тапшырма берип койсоңуз", - дейт депутат Алмасбек Абытовго.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11727