Окуучуларды алып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар
RU

Окуучуларды алып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды. Жабыркагандар бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо окуучуларды алып бара жаткан автобус кырсыкка кабылды. Бул туурасында окурмандар билдиришти.

Алар билдиришкендей, автобус оодарылып кеткен.

"Биз жолдон өтүп баратып, көп балдарды көрдүк. Алар жаракат алышыптыр. "Тез жардам" кызматына чалсак, жерине адистер чыгып кеткенин айтышты", - дешет күбөлөр.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат такталып жатканын билдиришти.

Ал эми президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Болот Ибрагимов алдын ала жабыркагандар бар экенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11729