Төкмө акын Аалы Туткучев жетекчилик кызматын тапшырды
RU

Төкмө акын Аалы Туткучев жетекчилик кызматын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Аалы Туткучев Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунун жетекчиси кызматынан кетти. Төкмө акын бул туурасында Instagram баракчасына жазып, өз каалоосу менен кеткенин белгиледи.

"Өз каалоом менен иштен бошодум. 8 жыл ичинде кут даарыган залкар таланттар менен биргеликте жасай албаган да, жасай алган да иштерибиз болду. Театралдаштырылган 5 концерт чыгардык. Айрым концерттерибизди элдин суроосу менен 12 жолу кайталап койгон күндөрүбүз бар. Мурунку жана азыркы президенттерибиз да көрүп, ыраазы болуп, баталарын беришти. Автобустуу да болдук. Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткенге чейин барып элдин рух казанына азык салдык. Ар бир эмгегибизге күбө болуп, шык берип турган күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Топтун өнүгүшү үчүн мындан аркысын менден күчтүүлөр иштеши керек", - деген ал.

Аалы Туткучев аталган топто 2006-жылдан тарта эмгектенген. 2014-жылы топтун жетекчиси болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11731