Караколдо мигранттарды колдоо борбору ачылды
RU

Караколдо мигранттарды колдоо борбору ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №14 кесиптик лицейинде мигранттарды колдоо борбору ачылды. Мындай борборлор Кочкор районунунда жана Ош шаарында да ачылган. Максаты - актуалдуу көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу мигранттардын квалификациясын жогорулатуу, эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу.

Бул демилгенин алкагында, окутуучу электрондук микрокурстарды түзүү боюнча методикалык сунуштамалар этап-этабы менен ишке ашып жатат.

https://academy.inaqa.com электрондук окутуучу платформасында мигранттарга абдан керек болгон санарип, каржылык сабаттуулук жана башка эң керектүү көндүмдөрдү үйрөтүүчү 15 окутуучу модулдан турган материалдар жайгаштырылууда. Ошондой эле платформада ZOOM, iSpring сыяктуу санарип инструменттер, баалоочу материалдар, виртуалдык лабораториялар, видеоматериалдар, видеокурстар жана башкалар болот.

Борборду ачуу аземинде "E-quality" долбоорунун КРдагы улуттук координатору Н. Суеркулова ишке ашып жаткан бул демилгенин максаты жана милдеттери, https://academy.inaqa.com/ электрондук окутуучу платформасы тууралуу маалымат берди. Ал эми проф., доктор Преслав Димитров профессионалдык окуу үчүн мигранттарды колдоо борборунун ролу тууралуу сөз кылды.

Иш-чаранын алкагында, Адам Университетинин ректору, эксперттик группанын жетекчиси С. Сирмбард, "Equality" долбоорунун сапат боюнча эксперти, билим берүү, илим жана маданият боюнча Болгар палатасынын төрагасынын орун басары Мария Станкова тарабынан борбордун мындан аркы иши үчүн "iSpring" Zoom, Prezi программалык камсыздоолоруна лицензия берилди.

Бул демилге "E-Quality" - Социалдык жана каржылык инклюзия жана гендердик теңчилик үчүн санариптик билим берүү долбоорунун алкагында, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жана Европа Биримдигинин тышкы ишмердүүлүк программасынын каржылоосунда ишке ашырылып жатат. Бул окуу курстарынын эң негизги пайдалуулугу миграттардын билим деңгээлин жогорулатуу, пайдалуу кесиптерди өздөштүрүп,чет жакта жүргөндө ийгиликтүү иштеп кетүүсүнө жардам берүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11753