Айтыңыздар маарек болсун! Өлкөдө Орозо айт майрамы белгиленүүдө (сүрөт, видео)
RU

Айтыңыздар маарек болсун! Өлкөдө Орозо айт майрамы белгиленүүдө (сүрөт, видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-апрелде кыргызстандыктар Орозо айт майрамын белгилеп жатышат. Президент Садыр Жапаров жалпы элди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды мусулмандардын ыйык майрамы – Орозо айт менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы - Рамазан айынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!

Аруу тилектерибиз, асыл ой-максаттарыбыз ишке ашсын.

Бүтүндөй Кыргызстан элине, ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакыт, тынччылык жана бакубат жашоо каалайм. Айтыңыздар маарек болсун!", - деп айтылат куттуктоодо.

Бишкектеги Айт намазынан сүрөттөр.

https://kaktus.kg/doc/11754_aytynyzdar_maarek_bolsyn_olkodo_orozo_ayt_mayramy_belgilenyydo.html
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11754