Бүгүнтөн баштап Бишкекте жылуулук өчүрүлөт
RU

Бүгүнтөн баштап Бишкекте жылуулук өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 6-апрелден тартып Бишкек боюнча жылуулук өчүрүлө баштайт. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Бишкектин ТЭЦи, "Бишкектеплосеть" ААК, "Бишкектеплоэнерго" КП жана ведомстволук котельныйлардын жетекчилерине жылуулук берүүчү техникалык жабдыктарды өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

"Электрические станции" ААК берген маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелден тартып басымды төмөндөтүү процесси башталып, жылуулук берүү акырындык менен азаят. 2020-2021-жылдардагы жылуулук берүү сезону 179 күн созулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1175