Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 13 балага технологиялык протез кол коюлду
RU

Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 13 балага технологиялык протез кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 13 балага "Киби" протездери бекер жасалды. Бул тууралуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинен билдиришти.

Белгиленгендей, протездерди жасоого мамлекеттик бюджеттен 1,8 миллион сом бөлүнгөн.

Протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протез-техниктери россиялык "Моторика-Сколков" компаниясынын тетиктеринен жасашкан, деп айтылат маалыматта.

Мекеменин директору Ализа Солтонбекованын айтымында, бала "Киби" протезин дене-мүчөсү катары сезет. Протездер ден-соолуктагы көйгөйлөрдү алдын алат.

Ал кошумчалагандай, "Киби" – бул электроникасыз иштеген жана сууда да иштеген протез.

Заманбап протезди жасоого биринчи кадам 2022-жылдын август айында "Моторика" компаниясы, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюу менен жасалган.

Бүгүнкү күндө протезге 311 адам каттоодо турат, алардын 26сы балдар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11761